Turmush — Ош шаарынын 223-кварталынын тургуну Эстебес Абдусаттаров бир нече жылдан бери тайган таптап, аларды жарыштарга чыгарып, ата-бабалардын байыркы кесибин аркалап келет. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.
- Эстебес Абдусаттаров 49 жашта. Жубайы экөө 4 уул, 3 кызды тарбиялап жатышат.
Учурда Эстебес Абдусаттаровдун короосунда 9 тайган бар. Алардын үчөө белек катары келген болсо, калганын өзү аргындаштырган. Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча хирург-травматолог, ошондуктан тайгандарды аргындаштыруу оор эмес.
«Тайгандарды машыктыруу, короодо кармоо түйшүктүү иш. Анткени алардын курсагын тойгузуп, улам суу берип, жакшылап кароо керек. Тайгандарга айылга жакын болгон мал союучу жайдан ичеги-карын, тогуз каттарды алып берем. Малдын боор, бөйрөк сыяктуу органдарын дээрлик бербейм. Бергенде да тоё жедирбейм. Анткени тоё жедирсең семирип кетишет. Тайгандар ар дайым формада болуп турушу абзел. Анан калса тынбай машыктырып, күнүгө талаага чыгып, сейилдетип келем. Короодо көп байланып турса буттары отуруп калат. Ошондуктан сейилдетип, мелдешке жакын унаамдын артына карышкырдын терисин байлап алып, чуркатып турам», - деди ал.
Тайгандар да ар түрдүү топко бөлүнөт. Абдусаттаров Кайтпас аттуу тайганы күчүк кезинде бир-эки жолу тиш салганын айтты.
«Нооруз майрамына карата ат майданда тайган жарыш болот дегенде унаама карышкырдын терисин байлап алып, тайгандарды чуркатып даярдадым. Карышкырдын терисин жөн итке таштасаң, жыттап алып, кыңшылаган боюнча качып кетет. Тайгандар мындан коркушпайт. Кайтпас деген тайганым бар. Кечээ Оштогу мелдеште да 1-орунду алды. Ал жашында коркпой, карышкырга тиш салганы үчүн Кайтпас атыккан. Кара куш деген тайганым да аңчылыкка ыңгайлашкан ит. Эки жолу тайганчылардын шерине оюну болду, эки жолу карышкырга тиш салып, коркпостугун көрсөттү. Кара куштун баласы бар. Аны Багира деп атайм. Багира аңчылыкка ыңгайлашкан тайган. Түлкү, чөө, коен, баарына аңчылык кылат», - деди ал.
Макаланын уландысын окуу жана каармандын байланыш номурун алуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Turmush в WhatsApp-канале — подпишись!