Turmush — Кыргыз поэзиясынын алпы Алыкул Осмонов өмүрүнүн акыркы жылдарында (1950-жылдары) Чолпон-Ата шаарына келип, дарыланып жүргөн.
Акын Курманбай аттуу аксакалды дос кылып, анын 5 жаштагы кызы Жеңишканды эркелетип, ага арнап ырларды да жазгандыгы маалым.
«Биздин үй Чолпон-Ата шаарындагы санаторийдин жанында болчу. Ага Алыкул Осмонов кургак учук оорусун дарылатканы көп барчу экен. Оорусу жугат деп, айылдагы көпчүлүк адамдар жолошчу эмес. Апамдын каршы болгонуна карабай, атам үйгө Алыкулду ээрчитип келип, бээ саадыртып, саамал ичирип, жакшы мамиледе болгонун эс тартканда уккам. Ал биздин үйгө келген учурда мен 5 жашта экенмин. Анын кандай адам экенин, кантип ыр жазып, эмне жөнүндө айткандарын билбесем да, мени жетелеп сейилдегени азыр да көз алдыма тартылат. Алыкул Осмонов үйгө келген сайын пальтосун жамынып, мени жетелеп алып, айылыбыздагы бийик дөңгө чыгып сейилдеп келер эле. Үйгө кайтып келген соң, экөөбүз кант жечүбүз. Үйүбүздөгү жыгач сандыкта дайыма чоңдугу муштумдай болгон кант турчу. Жарыктык кишинин "Айжекен-күнжекен, ат тишти алып кел, кант майдалап жейбиз" деп кантты бөлүп бергени эсимде калыптыр. Мен 7 бир туугандын кенжесимин. Менден улуу ага-эжелерим акын тууралуу жакшы билишчү. Азыр баарынын көзү өтүп кетти», - деп айтып берген Курманбай кызы Жеңишкан.
Учурда Курманбай кызы Жеңишкандын да көзү өтүп кеткен. Анын балдары, жакындары Алыкул Осмоновдун үй музейине «Алыкулдун аяш кызы Жеңишкан» аталышындагы бурч ачышты. Ал жерге акындын жазылган ырларын, Жеңишкан апанын Алыкул Осмонов жөнүндө айтып берген маектерин топтоп, Бактыбек Асанбаевге тапшырышкан.
Музейдин негиздөөчүсү Бактыбек Асанбаев үй музейдин жанына акындын айкелин тургузууга да жетишкен.

Залкар акын 1950-жылы 12-декабрда дүйнө салган.