Turmush — Ош технологиялык университетинин студенттери интеллектуалдык оюнда 1-орунга ээ болду. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка караганда, компьютердик лингвистика кафедрасынын КЛ-1-21 тайпасынын «Tech Girls» командасы Ош шаарындагы ЖОЖдор аралык англис тилинде өткөрүлгөн интеллектуалдык «Jeopardy» оюнуна катышты. Бул оюнга Ош шаарындагы жогорку окуу жайларда билим алып жаткан студенттер катышып, Ош гуманитардык-педагогикалык университетинде өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты эне тилди даңазалоо, адамдар арасындагы ынтымакты, достукту чыңдоо жана жаштарды өз элинин патриоту болууга үндөө болуп саналат.
Сынактын шартына ылайык англис тилинде ар кандай суроолор берилип, катышуучулар жооп беришти. Оюнга катышкан командалар мыкты даярдык менен келишип, өздөрүнүн билим деңгээлин, тапкычтыгын көргөзүштү. Жеңүүчү командалар диплом жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.