Turmush — Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде «Ден соолук-2023» аттуу спартакиада старт алды.
Иш-чара олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча «Жаштык» дирекциясы тарабынан уюштурулуп, спорттун 7 түрү боюнча болот. Ага Ош шаарындагы 8 жогорку жана орто окуу жайларынын окутуучулары катышат.
Ага ылайык бүгүн, 15-мартта окуу жайда спартакиаданын ачылуу аземи өткөрүлүп, куттуктоолор айтылды. Мында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу департамент тарабынан дене тарбия жана спорттун мыктыларына ардак грамота жана сыйлыктар тапшырылды.
Спартакиаданын жыйынтыгында алдыңкы орун алган командалар Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттардын биринде өтүлө турган республикалык «Ден соолук» спартакиадасына катышууга жолдомо алат.