Turmush — 23 жаштагы Самат Айдаркул уулу Кореяда вокол боюнча билим алып келди. Ал Кореядагы жашоо, билим берүү системасындагы өзгөчөлүктөр тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде айтып берди.
Самат Айдаркул уулу Ош облусунун Өзгөн районуна каршатуу Шоро-Башат айылында 1999-жылы 30-майда төрөлгөн. Үй-бүлөдө бир туугандардын улуусу, 3 карындашы бар. Атасы унаа айдоо менен жумуш кылса, апасы үй кожейкеси. Ал эми карындаштарынын экөө мектеп окуучусу, үчүнчүсү университетти аяктап, иштеп жатат.
«2006-жылы №6 Тагай Асранов атындагы орто мектебинде 1-класска кабыл алынгам. Ал мектепте 7-класска чейин окуп, 2012-жылдан тарта Ош шаарындагы №36 Ч.Айтматов атындагы орто мектепте окуумду уланттым. Мектепте окуп жүргөн кезимде ар кандай шаардык деңгээлде өткөрүлгөн олимпиада жана көркөм окуу сынактарына тынымсыз катышып, 2-3-орундарды камсыз кылгам. 2013-жылы мектептин маданий секторун жетектеп, колумдан келишинче ар кандай иш-чараларды уюштуруп өткөрдүм. Азыр жашоо компьютерлешип кеткендиктен 2014-жылдын май айында 9-классты татыктуу аяктап, ошол эле жылдын сентябрь айында ата-энемдин каалоосу менен Ош технологиялык университетинин технологиялык колледжине компьютер үйрөнүү үчүн окууга тапшыргам.
Өз максатыма жетүү үчүн 2016-жылы Ош Сежонхагдан корей тил институтуна окууга кирдим. Ал жерде корей тилин үйрөнүп, жакшы өздөштүрүп, корей тилинде эркин сүйлөп калдым. Кийинчерээк колледжди татыктуу аяктап, 2018-жылдын сентябрь айында искусство факультетине тапшырдым. Бул жерде 3 жыл бою пианино, комуз, аккардион, дирижирлөө жана вокал боюнча билим алдым. 2021-жылы Түштүк Кореянын Пусан шаарындагы Кёңсоң университетинин искусство факультетинине ОшМУнун мобилдүүлүк программасы боюнча 1,5 жылга барып, вокал боюнча билим алып, пианино чертүүнү жана французча, италянча да үйрөндүм. Ал жактан терең билим алып келдим десем жаңылышпайм», - деди ал.
Самат Пусан шаарындагы Кёңсоң университетинин искусство факультетинде жалгыз чет өлкөлүк студент болгонун айтты. Ал айына 800 доллар стипендия алчу.
«Башка факультеттерде чет өлкөлүк студенттер көп болчу. Бирок искусство тармагында окуган жалгыз чет өлкөлүк студент мен элем. Ал жактагы мугалимдер, студенттер абдан жакшы кабыл алышты. Тамак алып берип, бирге ойноп, кыйын учурларда жардам беришти. Алгач алардын тилин түшүнбөй, диалект башка болуп кыйналдым. Сынак учурунда уктап калып, кечигип, форма кийбей барып алгам. Барсам форма жок киргизбейбиз дегенде корей тайпалаштарымдын бири шымын, бири көйнөгүн, бири туфлисин, бири костюмун чечип беришкен. Мени коридордо балдар тегеректеп тосуп алып, кийинтишкен», - деди ал.
Анын айтымында, университеттин жатаканасында 40тан ашык улуттун өкүлдөрү менен жашаган.
«Ынтымактуу элек. Бирок бирөө бир нерсе берип, жеп кой десе таштап коюшат экен. Ал жакта банан арзан эле. Дүкөнгө барып, 2000 миң вонго (150 сом) 40 даана банан алгам. Жатаканага барып, 4 банан жегенден кийин жакпай түнкү саат бирде студенттерге банан таркатып чыккам. Алар жөн эле ыргытып салат экен. Бизди чоң атамдар ыргытсаң болбойт деп чоңойткон эле. Ошого ыргытпай, берип чыкканым эсимен кетпейт.
Ошондой эле ал жакта биздикиндей нан жок, алгач аябай кыйналдым. Тамактарга наны жок тойбойт элем. Биздин азык-түлүктөр бар дүкөнгө бир айда бир барчумун. Нанды, айранды сагынып барганда көзүмө жаш келип кетчү. Куса болуп, нандын жыты өзгөчө таасир берген эле. Биздин тамактардан нан, айран ал жакта абдан кымбат.
Орозо убагында индонезиялык мусулман студенттер менен орозо кармап, тамак бышырып, ооз ачат элек. Корейлер «кантип 1 күн кечке суу да ичпей жүрөсүңөр» деп таң калышчу. Алгач кабыл албай, ден соолугубуз бузулуп жатканын айтып, жаман көрүп жүрүштү. Кийинчерээк эмне болду билбейм, тамак алып берип, кайра жакшы болуп калышты», - деди ал.
Самат Айдаркул уулу Кореяда билим берүү ыкмасы өзгөчө экенин айтып өттү. Анын айтымында, студенттер өздөрү каалаган сабагын тандап алат.
«Бизде жаңылануу жок. Кыргызстанда окууну бүтүп, ошол жерде эле сабак беришет. Сыртка барып, өнүгүп келишпейт. Ал эми Кореяда студенттер түнкү саат үч-төрткө чейин кетпей даярданышат экен. Бизде саат 17:00дөн кийин эч кимди таппай каласың. Моюнга алуу керек, бизде студенттер өтө жалкоо экенбиз. Вокалдык жактан абдан артта калганбыз. Ал жакта билимим төмөн деңээлде экенин түшүндүм. Анткени бизде 4-курста өтө турган программа аларда 1-курста өтүлөт. Ошондуктан сынактарда мага жеңилдик беришчү. Кечкисин уюлдук телефонума мугалимдер чалып, «даярданып жатасыңбы?» деп сурап турушчу. Ал жакта биздикине окшоп 1 мугалим каалаганча баа бере албайт. Окуу жайдагы бир мугалим үч студентке 5, 6 гана студентке 4 коё алат.
Өзгөчөлүгү, 1 тайпада 1-курстан баштап 4-курска чейин аралашып окушат. Сабактардын убактысын студенттер өздөрү тандайт. Ал жакта 1 жума ачык сабак болот. Мугалим жакпаса, алмаштыра алышат. Ошого 1 тайпада окуган студент менен экинчи сабакта чогуу болбой каласың. Мен ошого таң калдым. Студенттер өздөрү кызыккан бардык сабактарды окуй беришет. Бир сабакка кирип, кыйын болсо башка этабын тандайт. Билген болсо, жогорку этабын тандайт. Ар ким өз деңгээлине жараша тандай берет. Кореядагы окуучулар университетке чейин абдан көп окуп келишет. Мектепти аяктап, 1-курска келгенде эле даяр адис болуп келишет экен. 1-курстагы студенттердин деңгээли биздин 4-курстагы студенттерден жогору турат. Буга дагы абдан таң калдым. Бизде 2-курста өтүлгөн программа аларда мектепте өтүлгөн экен. 1-курстун студентери нотаны карап, пианинонун 4 үндүү чыгармаларын ойноп коюшат. А бизде 4-курстун студенттери ойной албайт», - деди ал.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Turmush в Threads — подпишись!