Turmush — Кечээ, 14-мартта Оштогу Кыргыз текстиль фабрикасында «Менин биринчи тиккен кийимим» аталышындагы көргөзмө өтүү. Иш-чара Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин кесиптик колледжинин тигүү кийимдерин конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы адистигинде окуган студенттеринин алган билимдерин практикалык жактан жүзөгө ашыруу максатында уюштурулду.
Аталган көргөзмөгө президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев, КӨЭАУнун профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттер катышты.
Көргөзмө 3 этаптан туруп, кесиптик колледждин 2-курстары тарабынан тигилген сырт кийим (пальто), 1-курстун студенттеринин биринчи тиккен кийимдери, 3-курстун студенттери жана фабриканын тигүүчүлөрү тарабынан тигилген кыздардын саркеч көйнөктөрү көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети менен Кыргыз текстиль фабрикасы 2022-жылдын октябрь айында иш ордунда окуу технологиясын ишке ашыруу максатында келишим түзгөн.
Бүгүнкү күндө университеттин алдындагы кесиптик колледждин студенттери өндүрүштө окутууну айкалыштыруу менен билим алышууда. Теориялык билим берүүгө керектүү иновациялык жабдыктар фабрика тарабынан камсыздалып, заманбап аудиториялар бөлүнгөн. Фабрикада билим алып жаткан студенттер ал жерде акысыз тамак-аш менен камсыз болуп турат.