Turmush — Казакстандын борбор шаары Астанада Назарбаев университетиндеги Тоо кен иштери жана жер жөнүндөгү илимдер жогорку мектебинин жамааты менен жолугушууга Ош технологиялык университетинен доцент Н.Калдыбаев катышып келди. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Алгач жолугушууга келген катышуучулар аталган мектептин материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышты. Жогорку мектептин жетекчиси, профессор Рэнди Хазметтин билдирүүсүнө ылайык, университетте дүйнөнүн төрт бурчунан (Канада, Түштүк Африка Республикасы, Улуу Британия, Словения, Түркия, Эстония) топтолгон эң күчтүү адистер англис тилинде сабак беришет. Тоо кен инженериясы, геология, мунай газ иштери багытындагы адистер даярдалат. Студенттерге атайын кааналар бөлүнүп, керектүү жабдуулар ар бири үчүн сатып алынып, дипломдук жумуштун изилдөөлөрүн ички лабораторияларда гана аткарышат.
Жолугушуунун жүрүшүндө ОшТУ менен Назарбаев университетиндеги Тоо кен иштери жана жер жөнүндөгү илимдер жогорку мектеби менен кызматташуу тууралуу меморандум түзүү маселеси талкууланды. Чогуу илимий жумуштарды аткаруу, академиялык мобилдүүлүк, конференцияларга катышуу планы белгиленди.