Turmush — Ош облусунун аймагында бир катар социалдык объектилердин курулушу башталды. Бул тууралуу Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Дамир Калыкбердиев билдирди.
Кара-Суу районунда:
- Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу Ачы айылында 225 орундуу мектептин курулушу;
- Савай айыл өкмөтүнө караштуу Кең-Сай айылында спорт залдын курулушу;
- Савай айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак айылында спорт залдын курулушу;
- Сарай айыл өкмөтүнүн Телман айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу.
Ноокат районунда:
- Зулпуев айыл өкмөтүнө караштуу Калдай айылында 150 орундуу мектептин курулушу;
- Мирмахмудов айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылында 225 орундуу мектептин курулушу;
- Төөлөс айыл өкмөтүнүн Муркут айылында спорт залдын курулушу.
Мындан сырткары 2022-жылы курулушу башталган объекттерде курулуш иштери жүргүзүлүүдө.