Turmush — Ош шаарында 3 бала бакчанын курулушу жүрүп, 1 бала бакчанын курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкарбек Пайзиев билдирди.
Анын айтымында, 3 бала бакчанын курулушу жергиликтүү бюджеттен, бир бала бакчанын курулушу республикалык бюджеттен каржыланууда.
«Жергиликтүү бюджеттен курулуп жаткан эки бала бакча 100 орундуу болсо, бир бала бакча 120 орунга ылайыкталган. Ал эми республикалык бюджеттен курулуп жаткан бала бакча 75 орундуу. Мындан сырткары буга чейин курулушу башталган мектептердин да курулушу жанданды. Алсак, Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгына караган №27 мектептин кошумча 500 орундуу имаратынын курулушу жанданды. Ал эми №31 Курманжан датка мектебине 225 орундуу окуу корпусу менен спорт залынын курулушу жүрүүдө. Эгемендүүлүк күнүнө карата 3 бала бакча, бир мектептин курулушун толугу менен бүтүрүп, пайдаланууга берүү пландалууда», - деди Пайзиев.