Turmush — Өзгөн районунун Ничке-Сай айылынын тургуну Гүлзада Жоробекова тиккен сумкаларды Жаңы Зеландияга чейин алып кетишет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.
Гүлзада Жоробекова 1988-жылы 24-февралда туулган. С.Кадыров атындагы мектепте 3-класска чейин окуп, ата-энеси Ош шаарында жашаганына байланыштуу №38 Б.Алыкулов атындагы мектебинде окууну аяктаган. Андан кийин ОшМУнин искусство факультетинде сүрөтчү-стилист адистигинде 5 жыл окуп, жогорку билимге ээ болгон.
«Ишканалардын биринде кадрлар бөлүмүндө 2010-2012-жылга чейин иштегем. Ошол учурда турмушка чыгып, жолдошум экөөбүз окуусуна байланыштуу Бишкекке кеткенбиз. Ал окууда диссертациясын коргоп, жактаган соң кайра Ош шаарына келгенбиз.
Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Кара-Суу башкармалыгында жалпы бөлүмдө иштеп жүрүп декретке чыккам. Декретте отуруп тигүүчүлүккө кызыгып, анан чеберчиликти баштадым. Ошентип мындан эки жыл мурун — 2021-жылы ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинин, техникалык адистер бөлүмүнө окутуучу болуп ишке кирдим. 1-курстун дизайн жана кийим тигүүнүн конструкциясын моделдештирүүнү адистиктеринин студенттерине сабак берип келүүдөмүн», - деди ал.
Гүлзада Жоробекованын айтымында, апасы жана тай энеси кол өнөрчүлүк менен алектенген.
«Бош убактыларында энем дагы көп нерселерди тикчү экен. Тайнем дагы куракчы болгон. Андан тышкары сайма сайып, апамдын себинин көбүн өзү жасаган экен. Мага өнөр алардан өткөн деп ойлойм. Мектепти аяктаган соң атам тигүүчүлүк багыты боюнча окууга тапшыртты. Анан атамдын тандоосу боюнча окуп калгам. Азыркы убакта кызыгып иштейм. Бош убактымда сумкаларды, белдемчилерди тигем», - деди ал.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...