Turmush — Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчылыгына дайындалган Илияз Ташкулов эмгек жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чарага президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Самат Исманов, уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору Шалообек Козубаев, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын мурунку башчысы Курбанбек Айтибаев, мекеме-ишканалардын жана айыл өкмөттөрдүн башчылары катышты.
- Сокулук району — Чүй облусунун калкы эң жыш жайгашкан аймак. Калкынын саны 197 миң 335 адамды түзөт (2022-жылдын башына карата маалыматтар).
Илияз Ташкулов мурда Ош облусундагы Алай районун жетектеген.
Ташкулов Илияз Акжигитович 1979-жылы 27-майда Ош облусунун Алай районуна караштуу Корул айылында туулган.
Билими:
- 2001-жылы Б.Сыдыков атындагы кыргыз-өзбек эл аралык университетинен экономист-финансист адистигине ээ болгон;
- 2005-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын менеджмент багыты боюнча магистратура бөлүмүн бүтүргөн;
- 2021-жылы Ош технологиялык университетинин архитектура жана курулуш факультетин аяктаган;
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Уникальные видеоистории о жителях регионов Кыргызстана в Инстаграме