Turmush — Ош технологиялык университетинде 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата салтанат өткөрүлдү. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Майрамдык иш-чарага окуу жайда эмгектенип жаткан айымдар, студенттер, университеттин жалпы жамааты катышты. Университеттин ректору Жанболот Турсунбаев жалпы аялзаты менен бирге окуу жайда эмгектенип жаткан аялдар жамаатын майрамы менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады.
ОшТУнун өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан мугалимдерге ардак грамоталар жана баалу белектерди тапшырды.
Майрамдык салтанат шаңдуу уланып, сахнада музыка коштогон ырлар жаңырды. Эркектер жамааты тарабынан тамаша иретиндеги сахна көрүнүштөрү катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады.