Turmush — Ош технологиялык университетинин профессордук-окутуучулук курамы Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн сынакка катышты. Бул тууралуу окуу жайдан басма сөз кызматы билдирди.
Өзбекстан Республикасынын Улуттук публикациясы тарабынан «2023-жылдын эң мыкты илимий макаласы» аттуу эл аралык сынак өткөрүлдү. Аталган иш-чарага ОшТУнун бизнести башкаруу жана социалдык иш кафедрасынын профессордук- окутуучулук курамы катышып келди. Кафедра башчысы, профессор Ж.А.Кедейбаева, доцент Г.А.Маметова, ОшТУнун доценти Н.М.Бахромжонова, улук окутуучу С.М.Касымова өздөрүнүн багыттары боюнча жазылган илимий макалалары менен катышып, жыйынтыгында «Эң мыкты илимий макала-2023» медалына жана сертификатка ээ болушту.
Иш-чара Ташкент шаарындагы Даңк музейинде өткөрүлүп, Казакстан, Түркмөнистан, Тажикстан жана Кыргызстандан илим изилдөөчүлөр өздөрүнүн илимий макалалары менен катышты.