Turmush — Кадамжай районунун Айрыбаз айыл аймагынын 41 жаштагы тургуну Айсулуу Жороева жоогазын өстүрүп киреше табууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, 3 жыл мурда атайын окуудан өтүп чет өлкөдөн Голландиянын жоогазын гүлдөрдү алдырган. Алгач 25 миң сом менен баштаган бизнеси азыр 500 миң сомго чейин киреше алып келүүдө. Учурда кирешени үй-бүлөлүк гүл бизнесин өнүктүрүүгө жумшап жатышат.
«Голланд жоогазындары аябай кооз. Алгач жактырып алып карай баштагам. Ал үчүн чет өлкөлүк адистердин сабактарына катышып, бул багытта тажрыйба топдодум. Анан атайын Голландияга буйрутма берип көчөттөрүн алдырттым. Жыл сайын июнь-июль айларында өтмүнө таштап, алдын ала акчасын которобуз. Ал жактан жаңы сортторун жиберишет. Каражатты жолдошум каржылап, колдоо көрсөтөт, балдарым карашат», - деди ал.