Turmush — Алымкулов Чыңгыз Жаныбекович Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта акимчиликтен кабарлашты.
Маалыматка караганда, анын бул кызматка дайындалышы жөнүндөгү буйрукка аким Алгынбай Имаров кол койду.
- Айыл өкмөттүн мурдагы башчысы Бакыт Нурматов өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.