Turmush — Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков мэриясы Министрлер кабинетинин демилгесин улап, аз камсыз үй-бүлөлөргө бизнес баштоого акча бөлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына мэриядан билдиришти.
- КРдин Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы «Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жѳнүндѳ» №385 токтомун ишке ашыруу боюнча өлкөнүн бардык аймактарында бизнес пландары жактырылган аз камсыз үй-бүлөлөргө 100 миӊ сомдун сертификаттары тапшырылган.
Шопоков мэриясынын маалыматы боюнча, 2023-жылдын башында облус боюнча алгачкылардан болуп бул долбоорду колдоого алып, демилгени ишке ашырып жатышат.
Мэр Адылбек Бекболотовдун айтымында, бул долбоор өзүнүн оӊ натыйжасын берип, жумасына жакшы киреше тапкандар бар.
«Былтыр өкмөттөн 100 миӊ сомдук долбоорду биздин шаардан 4 үй-бүлө утуп алган. Алардын арасынан тигүү машина алып, иштеткендер жумасына жакшы киреше таап, ишмердүүлүгү жолго коюлганын байкадык. Демек, бул долбоор өзүнүн натыйжасын берип жатат (эффективдүү). Ошондон улам биз быйыл жергиликтүү бюджеттен акча бөлүп, өкмөттүн демилгесин колдоп жана андан ары улап, аз камсыз үй-бүлөлөр арасында сынак жарыялаганбыз. Ага катышкан адамдардын бизнес долбоорлорун атайын түзүлгөн комиссия карап чыгып, 4 үй-бүлөнүкүн кабыл алышты. Бүгүн аталган 4 үй-бүлөгө бардык жабдыктары менен тигүү машиналары сатылып алынып берилди», - деди мэр.
Тигүү машиналарын тапшыруу иш-чарасына КРдин президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштообаева жана Сокулук райондук мамлекеттик администрация башчысы — акимдин орун басары Эмил Орозбаков катышты.
Тигүү машинасын алгандардын бири — жалгыз бой эне Диана Ырыспаеванын айтымында, эми жумасына 5-6 миӊ сом киреше тапса болот.
«Биз жолдошум экөөбүз эки жолго түшкөнбүз. 5 баланы жалгыз тарбиялап жатам. Кичүү балдарым — эгиздер 3 жашта болсо, улуусу 11 жашта. Балдарым кичинекей болгондуктан алардын жанында болуп, иштеген жумуш ыӊгайлуу болчу. Кудайым буюруп, менин бизнес долбоорум жактырылып, бүгүн 100 миӊ сомго ылайыктуу тигүү машиналарын алып беришти.
Шопоков шаарынын мэриясына абдан ыраазыбыз. Мага кадимкидей дем-күч болду. Эми мындан ары ишмердүүлүгүмдү өркүндөтүп, келечекте тигүү цех ачууга максат койдум. Буга чейин башка жакка барып, тигүү цехте иштеп келгем. Учурда аялдардын көйнөгүн тигип жатабыз. Эми үйдөн эле жумасына 5-6 миӊ сом киреше тапсам болот. Ал эми тажрыйбасы мол, ыкчам тиккендер жумсына 10-15 миӊ сом табышат. Биз дагы ошодой учурга жетебиз деп ойлойм», - деди ал.