Turmush — Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде окутуучу агайлар жана кызматкерлер арасында спорттун бильярд түрү боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Мелдеш 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата окуу жайдын жетекчилиги, профсоюз комитети жана дене тарбия факультети тарабынан уюштурулду.
«Жумуш менен эс алууну айкалыштырып, эмгекке эргүү берүүгө багытталган бул саамалык жамааттын ынтымагын бекемдөө, спортко болгон кызыгууну арттыруу жана ден соолукту чыңдоо максатында ишке ашты. Мелдешке жалпы отуздан ашуун катышуучу катталып, оюнчулар чүчү кулак кармоо менен жобого ылайык 4 тайпага бөлүнүшүп, оюн курушту. Таймаш кызуу уланып, ар бир тайпада мыкты оюн көрсөткөн экиден оюнчу чейрек финалга жолдомо алышты. Жогорку чыңалуу менен коштолгон чейрек финалда 8 оюнчунун ичинен жеңүүчү болгон 4 оюнчу жарым финалга чыгып, көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыткан мыкты чеберчиликтеги беттешүүнү тартуулашты.
Жыйынтыгында чемпионаттын баш байгесин колледждин дүйнөлүк тилдер кафедрасынын окутуучусу Самат Кадыров багындырып, диплом жана он миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык менен сыйланды. Ал эми 2-орунду дене тарбия кафедрасынын окутуучусу Мирлан Кадыров, 3-орунду дене тарбия кафедрасынын окутуучусу Жакыпжан Мамажанов жана 4 орунду дене тарбия кафедрасынын окутуучусу Данияр Осмоналиев ээлеп, жеңүүчүлөр, мыкты оюнчулар жана ардагер оюнчулар диплом, акчалай сыйлыктар менен сыйланды», - деп айтылат маалыматта.