Turmush — Бүгүн, 24-фералда Ош технологиялык университети түзүлгөнүнө 27 жыл болду. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1996-жылы 24-февралда Кыргыз Республикасынын президентинин буйругу менен Ош технологиялык колледжи Ош технологиялык университети болуп түзүлгөн.
Бул күндүн урматына арналган майрамдык салтанат ОшТУнун башкы корпусунун алдында таң эртеден башталды. Иш-чарага ОшТУнун жалпы жамааты жана студенттер катышып, алгач окуу жайдын ректору Жанболот Турсунбаев бүгүнкү күн менен куттуктап, университеттин бүгүнкү күндө Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да белгилүү орду бар экендигин белгиледи. Университетте көп жылдан бери окутуучулар ушул күнгө жетиш үчүн алтымыш жыл аралыгында коомдун ар кайсы кырдаалдарын басып өтүп, куттуу окуу жайга айлангандыгын айтышты.
Ош технологиялык университетинин тарыхы 1963-жылы, Кыргыз ССРнин Министрлер Кеңешинин түштүк регионунудагы жаштарды жогорку техникалык билимге тартуу максатында каралган иш-чаранын токтомунун негизинде Ош шаарында жалпы техникалык бөлүм ачуу менен башталат.