Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы айымдар 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата мырзаларды куттуктап, белек тапшырышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Ак-Талаа райондук жана Баетов айылдык аялдар кеңештери жана райондук маданият бөлүмү тарабынан райондук маданият бөлүмүндө салтанаттуу иш-чара белгиленип, анда мырзаларды акимдин биринчи орун басары Улан Жылтыров, райондук аялдар кеңешинин төрайымы Букен Турдубекова, Баетов айылынын аялдар кеңешинин төрайымы Гүлжан Тентимишова куттуктады.
Иш-чаранын жүрүшүндө маданият үйүнүн өнөрпоздорунун жана «DI DANCE» бийчилер тобунун концерттик программасы тартууланып, жылдын мыктылары боюнча номинациялары тапшырылды.
Номинация ээлери:
- «Мыкты тейлөөчү» номинация менен Баетов айылдык «Таза суу жана таза аймак» ишканасынын жетекчиси Талант Кадыркулов;
- «Демилгелүү демөөрчү» номинация менен Терек айылынын тургуну Токтосун Казиев;
- «Адилеттүү кабарчы» номинация менен Turmush.kg басылмасынын аймактык кабарчысы Адилет Сагыналиев;
- «Мыкты сот приставы» номинация менен Ак-Талаа райондук сотунун кызматкери Мирлан Асаналиев.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Новости на кыргызском языке в сети Х — подпишись!