Turmush — Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагы Ормонхан айыл аймагы деп атоо сунушталды.
Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын Ормонхан айыл аймагы, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндөгү» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.
Быйылкы жылы түндүк кыргыз урууларынын ханы аталган Ормон Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракеси белгиленет. Кош-Дөбө айыл аймагында жашаган Ормонхандын урпактары айыл аймагынын Ормонхан аталышы анын 230 жылдыгына карата жакшы белек болмокчу дешет.
1996-жылы Кош-Дөбө айыл өкмөтү деп аталып, Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүлгөн. Ошону менен катар 2013-жылы кайра Кош-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтү статусу ыйгарылган.
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн борбордук чарбагы — Кара-Саз айылы райондун борборунан 15 чакырым, жакынкы темир жолдон 61 чакырым жана Бишкек шаарынан 210 чакырым алыстыкта жайгашкан. Деӊиз деӊгээлинен 2010 метр бийиктикте турат.
Климаты кескин континенталдуу, бийик тоолуу аймакка кирет. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн курамы Кара-Күнгөй, Кара-Саз айылдарынан турат. Аймактагы 732 түтүндө 3577 адам жашайт.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...