Turmush — Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду буга чейин район-шаарлардын жана айыл аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына артыкчылык берип келсе, мындан ары жеке ишкерлерди колдоого басым жасайт. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Танзиля Сатимова Базар-Коргон районунда өткөн семинарда билдирди.
Тактап айтканда, өнүктүрүү фондуна бөлүнгөн каражаттын 80 пайызы жеке ишкерлерди колдоого жумшалат.
Иш-чарага Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Асел Сансызбаева, айыл өкмөт башчылар жана жеке ишкерлер катышты. Анда Министрлер кабинети тарабынан 2023-жылдын январь айында региондорду өнүктүрүү фонддору тууралуу типтүү жобого өзгөрүү киргизилген №20 токтом чыккандыгы, облустук фонддун иш багытындагы өзгөрүүлөр жана жеке ишкерлерге болгон мүмкүнчүлүктөр боюнча маалымат берилди. Көз карандысыз экономикалык эксперт, консултант Абсаттар Ташиев долбоордук өтүнмө жазуунун жол-жоболору боюнча түшүндүрдү.
Танзиля Сатимованын айтымында, типтүү жобого кирген өзгөрүүлөр боюнча райондордун баарында семинар өткөрүлүп бүттү.
«Мындан ары фонддордун акчаларынын 80 пайызы кайтарымдуу негизде жеке ишкерлерди колдоо максатында аларга жеңилдетилген насыя катары берилет. Калган 20 пайызы социалдык-экономикалык, инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго берилет. Биздин типтүү жобобузга өзгөрүүлөр киргендиги боюнча мисалдар менен мүмкүн болушунча түшүндүрүп айтып берип жатабыз. Жеңилдетилген насыя боюнча жеке ишмерлердин арасында кызыккандар да көп болуп жатат. Бир гана убаракерчилиги болушу мүмкүн. Ишкер биринчи фондго арыз берип, жумушчу топ бир сыйра карайт. Андан кийинки этапта банк турат. Баса айта кетели, банктын өзүнүн талаптары бар, биз банктын ишине кийгилише албайбыз. Мында жергиликтүү айыл өкмөттөр менен ишкерлер тыгыз иш алып баруу жанданат. Азыр ишкерлер өздөрү менен өздөрү убара болуп жатышат. Президентибиздин саясаты да ишкерлерди колдоо болуп жатат. Экономиканы көтөрүү — бул негизги приоритет», - дейт Сатимова.
Маалым болгондой, облустук өнүктүрүү фондунун 2023-жылдагы жылдык бюджети 138 миллион сомго бекитилип берилди. Жарым жылдыкта балким каражат көбөйүүсү мүмкүн. Быйылкы жылы каражаттын 85 миллион сому ишкердикти колдоого бөлүнөт. Ал эми буга чейин фонддун байкоочу кеңеши тарабынан кабыл алынган долбоорлор быйыл аягына чыгат.
Ишкерлердин бир катар суроолоруна жооп берилди. Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысы Икрамжан Чолпонов долбоордун типтүү жобосу киргизилген өзгөрүү натыйжа берерине үмүт арттарын айтты.
«Ишкерлерди колдоо аркылуу жаңы жумуш орундар түзүлөт. Бул экономикага түздөн-түз таасирин берет, элдин жашоосу оңолот, салык түшөт дегендей. Биз туризмди өнүктүрүү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө аракет жасап жаткан ишкерлерди алып келгенбиз. Буюрса ишкерлерибиз долбоор жазса, биз колдойбуз», - деди ал.
Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобо КРнын Бюджеттик кодексинин, Салыктык эмес кирешелер жөнүнд кодексинин, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» КРнын мыйзамынын ченемдерине ылайык иштелип чыккан жана региондорду өнүктүрүү фонддорунун (фонд) ишинин тартибин аныктайт.
Фонддун иши Салыктык эмес кирешелер жөнүндө КРнын кодексинин, КРнын Бюджеттик кодексинин жана ушул жобонун негизинде ишке ашырылат.
Фонд облусту өнүктүрүү фонду же районду өнүктүрүү фонду түрүндө юридикалык жактын статусуна ээ жана мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт.
Облусту өнүктүрүү фондунун уюштуруучусу КРнын Министрлер кабинети болуп саналат. Министрлер кабинети КРнын президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө фондду башкарууда анын кызыкчылыктарын билдирүүгө ыйгарым укук берет.
Районду өнүктүрүү фондунун уюштуруучусу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация болуп саналат.