Turmush — Ош технологиялык университетинде 21-февраль — Эл аралык эне тил күнүнүн урматына арналган майрамдык салтанат өткөрүлдү. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Майрамдык салтанатка университеттин факультеттеринде билим алып жаткан ар улуттагы студенттер өздөрүнүн тилинде ыр, күүлөрдү даярдап келишти. Сахнада ар улуттун тилинде ырлар ырдалды.
Университеттин ректору Жанболот Турсунбаев майрамдык салтанатка келген бардык конокторду Эл аралык эне тил күнү менен куттуктап, эне тилдин кадыр-баркы, аны сактоо эне тилде сүйлөө менен ишке ашырыла тургандыгын белгиледи.
- 21-февралды 1999-жылы 17-ноябрда ЮНЕСКОнун башкы конференциясы Эне тилдин эл аралык күнү деп кабыл алган.