Turmush — Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата окутуучулар арасында бильярд боюнча биринчилик уюштурулду. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Аталган спорттук иш-чарага Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин бириккен кесиптик бирлик комитети демөөрчүлүк кылып, оюн Ош шаарындагы бильярд клубунда өттү.
Жалпы жамааттын маданий эс алуусун камсыз кылып, окутуучулар арасындагы ынтымакты, достукту бекемдөө максатында уюштурулган бильярд боюнча беттеште 1-орунду КӨЭАУнун сырттан окуу жана экономика боюнча проректору Зулпукаров Алтынбек Зулпукарович, 2-орунду каржы-экономика факультетинин тарбия иштери боюнча декандын орун басары Муртазаев Азиз Азамович, ал эми 3-орунду гуманитардык-педагогикалык факультетинин окутуучусу Амит уулу Максатбек багындырды.
Жеңүүчүлөргө университеттин бириккен кесиптик бирлик комитети тарабынан дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Соңунда мелдештин катышуучулары бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Шералы Эгембердиевге ыраазчылык билдиришти.