Turmush — Ош технологиялык университетиндеги бизнес-инкубатордун студенттери ийгиликке жетишти. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 13-18-февраль күндөрү ОшТУда «Жергиликтүү өнүгүү» аттуу долбоордун алкагында студенттердин арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү.
«Бул семинарда студенттер тарабынан ОшТУнун бизнес-инкубаторунда даярдалган бизнес идеяларды камтыган долбоорлор сунушталды. Бул аткарылган иштер комиссия тарабынан текшерилип, мыкты бизнес идеяларды камтыган беш долбоор мыкты деп табылды. Жыйынтыгында бул 5 иштин ичинен 2 мыкты бизнес долбоорго 2000 доллар өлчөмүндө колдоо көрсөтүлмөкчү», - деп айтылат маалыматта.