Turmush — Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин алгачкы отуруму болуп өттү.
Отурумга президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Улан Далиев, Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун директору Самат Медеров, байкоочу кеңештин мүчөлөрү жана район-шаарлардын жетекчилеринин биринчи орун басарлары катышты.
Жыйындын башында Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын директору Самат Медеров 2022-жыл ичинде өнүктүрүү фонду тарабынан аткарылган жумуштар тууралуу маалымат берди.
Жыйындын жүрүшүндө фонддун ишмердүүлүгү, бекитилген пландын аткарылышы, өткөрүлгөн тендерлер, курулуп жаткан жана ишке берилген курулуш объектилери талкууланды. Ошондой эле 2023-жылга карата район жана шаарлардан келип түшкөн сунуштардын негизинде жылдык план бекитилди.
Фонддун директору Самат Медеров курулуп жаткан объектилердин сапатына жана коопсуздугуна тыкыр көнүл бөлүп, курулуш компаниялардын өкүлдөрүнө келишимдеги милдеттерин так аткаруу талаптары коюлгандыгын баса белгиледи. Мындан сырткары фонд тарабынан бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу зарыл экендигин кошумчалады. Быйыл бөлүнгөн каражаттын басымдуу бөлүгү айыл-чарба багытына, өндүрүш жана жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө жумшаларын айтып өттү.