Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 04.03.2014 11:25

Кара-Бууранын Чолпонбай айылында 50 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Turmush -  Талас облусунун Кара-Буура районундагы Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев атындагы айыл аймактан орун алган Чолпонбай айылында кечээ 3-март күнү 50 орундуу «Мээрим» бала бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Кара-Буура райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Салкын Карбозованын айтымында, жалпысынан 2 млн сомго жакын акча каражатына Союз мезгилиндеги эски айылдык кеңештин имараты капиталдык ремоннтон өтүп, заманбап эмеректер менен жабдылган. Бул акча каражатынын негизги бөлүгү түрткү берүүчү гранттан каржыланса, ошол аймакта алтын кен чалгындап жаткан компаниясы 250 миң сом, «Чолпонбай» ынтымак коомунан 400 миң сом, ата-энелерден 130 миң сом каражат топтолду.

Бала бакчанын ачылыш аземине катышкан өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева жазгы көктөмдөй жаңыдан бүчүр ачып жаткан жаш жеткинчектер үчүн бул бала бакчанын ачылышы келечектин жаркын, бактылуу болушунан кабар берет, деп айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×