Turmush — Абдрахманов Бердибек Маматжанович Ош облусунун Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка аким Т.Ногоев кечээ, 16-февралда кол койгон.
Бердибек Абдрахманов буга чейин сотто катчы, судьянын жардамчысы, сот приставы, мектеп директорунун орун басары жана башка кызматтарды иштеген.
- Ал 1984-жылы 6-октябрда Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүндө туулган.
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн буга чейинки башчысы Кантөрө Жантөрөев 2022-жылдын 31-декабрында кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазган.
Резюмесин окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Turmush в WhatsApp-канале — подпишись!
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.