Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 04.03.2014 10:33

Ысык-Көл облустук предметтик олимпиадага катышкан 360 окуучунун 2сү республикага жолдомо алды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын Токтогул Сатылганов атындагы жатак лицейинде облустук предметтик олимпиада болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Олимпиадага район, шаарлардын мектептеринен 360 окуучу катышты. Облустук билим берүү борборунун жетекчилигинин маалыматында, олимпиаданын суроолору жогорку окуу жайынын мугалимдери тарабынан түзүлгөндүктөн оорурак болду. Сынактын суроолору жазылган билеттер атайын сейф-пакеттерде бекитилүү боюнча келип, комиссиянын курамы күчтүү адистерден түзүлдү.

Олимпиада чоӊ атаандаштыкта өтүп, мыктылардын мыктысы тандалып алынды. Сынактын жыйынтыгы менен Токтогул Сатылганов лицейинин жана шаардагы № 3 мектебинин окуучулары жеӊүүчү деп таанылып, 2 окуучу республикалык олимпиадага жолдомо алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×