Turmush — 21 – февраль — Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата Ош технологиялык университетинин чет тилдер кафедрасы тарабынан майрамдык салтанат өткөрүлдү.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, иш-чаранын негизги максаты улуттар аралык достукту, ынтымакты чыңдоо, мамлекеттик тилдин кадыр-баркын жогорулатуу, бөтөн тилдерди барктоо, сыйлоо, эне тилди баалуулук катары кийинки муундарга өткөрүп берүү болуп саналат.
Америка маалымат-ресурстук борборунда, ошондой эле кытай жана корей борборлорунда окуп, тилдерди үйрөнүп жаткан студенттердин катышуусундагы майрамдык кечеде ар улуттун ырлары жаңырып, бий менен коштолгон музыкалык чыгармалар катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады. Студенттер өздөрү үйрөнүп жаткан тилдерди даңазалоо максатында ар улуттун маданиятын, тилин, улуттук баалуулуктарын көрсөтүп, ыр-бийлерди, интерактивдик оюн, юмор жана башка кызыктуу көрүнүштөрдү аткарышты.
ОшТУнун малекеттик тил боюнча проректору А.З.Зулпуев Ажана Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси Чыңгыз Зулпукар уулу кеченин катышуучуларын Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү менен куттукташты.