Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Нарын облусу, Нарын 04.03.2014 09:02

Окуучулар арасындагы олимипиада учурунда элементардык контурдук карта болгон жок, - окутуучу

Turmush -  Аймактык кабарчы билдиргендей, Нарын шаарында болуп өткөн мектеп окуучуларынын облустук алкактагы олимпиадасынын суроолорунун жана жоопторунун түзүлүшүнө бир катар предметтик сабактарга баам салган курамдын (комиссиянын) мүчөлөрү нааразычылыктарын билдирүүдө.

«Мен география сабагы боюнча комиссияда кызмат кылдым. Бирок, түзүлгөн суроолор жана жооптор өтө татаал экен. Ошондуктан, кыйынчылыкты жаратты. Элементардык эле контуртук карталар болгон жок. Мындай нааразычылыкты башка предметтик комиссиялардан дагы уктук. Былтыркы жылы тапшырмалар сонун түзүлгөн эле», - дейт М.Субакожоев атындагы Нарын кыргыз-түрк лицейинин мугалими Манас Ысмайылбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×