Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусу, Айдаркен 03.03.2014 18:51

Баткен шаарында мектеп окуучулары арасында облус боюнча предметтик олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылып, 1-оорунду Семетей түрк лицейи алды

Turmush -  Бүгүн, 3-мартта Баткен шаарындагы Ленин орто мектебинде облустук мектеп окуучулары арасында предметтик олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылды, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Баткен облустук социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Алижан Абдыкалыков билдиргендей, 1-оорунга Семетей түрк лицейи 54 балл менен 2-орунга Баткен облустук гимназиясы 39 балл менен, 3-орунда Кызыл-Кыя шаары 32 балл менен жеңип кетти.

Ал эми 4-орунду Лейлек району - 28 балл, 5-орунду Кадамжай району - 21 балл, 6-орунду Баткен шаары - 18 балл, 7-орунду Баткен району - 12 балл жана Сүлүктү шаары 5 балл алып, 8-орунду ээледи.

Эскерте кетсек, жалпысынан облус аймагынан 280 окуучу катышкан болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×