Turmush — ОшТУнун интеллект өнүктүрүү борборунун кызматкерлери тарабынан бүткүл дүйнөлүк китеп белекке берүү күнүнө арналган атайын китеп көргөзмөсү уюштурулду.
Бул иш-чаранын максаты жаштарды китеп окууга үндөө, китеп окуу менен бирге өздөрүнүн дүйнөгө болгон көз карашын жакшы жакка калыптандырууга чакыруу болуп эсептелет.
«Анткени илим жана техниканын өнүккөн заманында китептин орду төмөндөп, адамдар китепти дээрлик окубай калды. Ал эми окумуштуулар белгилегендей, китеп окуу адам баласынын өмүрүн эки жылга узартат жана бири-бирине кайрымдуу, боорукер болууга, жаман адаттарды жасабоого жана жашоодо ар дайым жакшы маанайда болууга үндөйт», - деп айтылат окуу жайдын маалыматында.
Китеп көргөзмөгө университетте билим алып жаткан студенттер катышып, алар тарабынан ар кандай китеп, дүйнө, байлык тууралуу ырлар окулду. Китеп көргөзмөсү менен бирге тамак-аш жарманкеси уюштурулуп, андан түшкөн акча каражаты интеллект өнүктүрүү борборуна жаштарга керектүү болгон китептерди сатып алууга жумшалмакчы. Ал жердеги китептерден ОшТУда билим алып жаткан ар бир студент пайдалана алат.