Turmush — Ош технологиялык университетинде ата-энелер жана иш берүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Гуманитардык-технологиялык колледжинин геология, жаратылышты пайдалануу жана коопсуздук кафедрасында ата-энелер жана иш-берүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга кафедранын жалпы жамааты, өзгөчө кырдаалдарда коргоо жана ачык тоо-кен иштери адистигинин студенттери, ата-энелер жана иш берүүчүлөр катышты.
Кафедра башчысы тарабынан бүгүнкү күндө кафедра даярдап жаткан адистиктер, студенттер, окуу жайдагы түзүлгөн шарттар, келечектеги коюлган пландар, алардын аткарылышы тууралуу маалыматтар берилди.
Россиянын иш менен камсыз кылуу агенттигинин өкүлдөрү Мирлан Курбанов жана Нурдөөлөт Саипов, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын №12 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн кароол башчысы, лейтенант М.Ж.Султанов, Ош Гидрогеологиялык партиясынын башкы геологу Т.А.Нышанов бул адистиктин коомдогу орду, эл чарбасына жана өндүрүшкө тийгизген таасири тууралуу айтып беришти.
Мындан сырткары өзгөчө кырдаалдар жана геология багытындагы адистер азыркы учурда заман талабына абдан зарыл адистиктер экендиги өзгөчө белгиленди. Студенттер тарабынан суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды.