Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ош облусу, Ош 03.03.2014 15:29

Кореянын Ханнам университети менен ОшМУнун ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду

Turmush -  Түштүк Кореядагы эң чоң окуу жайлардын бири болгон Ханнам университетинен келген өкүлдөр ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаковдун кабыл алуусунда болду. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы маалымдады.

Университеттин эл аралык мамилелер факультетинин деканы, профессор Абдурашит Низамиев, Кореянын Ханнам университетинен келген профессор Гоин Таэ Ким баштаган делегацияны университеттин ректору К.Исаковдун кабыл алып, андан соң жамаат менен жолугушту. Жолугушуу мезгилинде ОшМУ менен Ханнам университетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду жана мындан аркы аткарылуучу биргелешкен илимий долбоорлор талкууланды.

Аталган келишимге ылайык, эки университет мындан ары окутуучулар, студенттер ортосунда алмашып билим берүү, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү багытында биргелешип кызматташат. Ошондой эле атайын эки окуу жайдын илимий изилдөөчү эксперттери «Сууну тазалоонун технологиясы» боюнча изилдөө иштерин жүргүзүшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×