Turmush — Бакыт Төлөгөнов Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка саламаттыкты сактоо министри кол койду.
Алдын ала маалыматтар боюнча, өткөн жума күнү кадрдык өзгөрүүлөр болгон.
Төлөгөнов Бакыт Талантович 1980-жылы 20-мартта туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында «Жалпы медицина» багыты боюнча билим алган.
Ал 2021-жылы Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон.
42 жаштагы Бакыт Төлөгөнов дайындалган бул кызматты Мирбек Сагынбаев ээлеп келген. Ал 2023-жылдын январь айында Каракол шаарындагы төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн 6 ымыркайдын өлүмү боюнча тергөө иштери жүрүп жаткан учурда кызматынан бошотулган.
- 27-январда өткөн кеңешменин жүрүшүндө маалым болгондой, алты ымыркайдын экөө 1000 граммдан төмөн салмакта ара төрөлсө, төртөө 2800 граммадан 3450 грамм салмакка чейин жетип жарык дүйнөгө келген. Алар септикалык шок абалында болуп, дем алуу органы, мээ жана ашказанында көйгөй жаралган.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улан Сыдыков ымыркайлардын өлүмүнүн негизги себебин атады.
«Балдар сепсистен каза болгон. Бул өтө оор диагноздордун бири. Ушул диагнозго алып келген шарттардын бири — тазалыктын сакталбаганы. Көзөмөл жетиштүү деңээлде болгон эмес», - деди ал.
Гүлнара Баатырова Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссия төмөндөгүдөй корутунду чыгарганын айтты.
«Каракол шаарындагы төрөт үйүндө жыл башында 6 баланын чарчап калуусу өтө өкүнүчтүү жана резонанстуу окуя болду. Анткени, төрөт үйүндө бардык медициналык жабдуулар болгон жана дары-дармектер менен камсыздалган.
Эксперттик топ чыгарган корутундуга ылайык, бул жакта жетекчилик жана төрөт үйүнүн кызматкерлери тарабынан жоопкерчиликсиз мамиле болуп калганы көрүнүп турат. Эне 9 ай баланы көтөрөт. Алар үмүт менен күтүп жатканда, баланын чарчап калуусу — ата-эне үчүн чоң кайгы. Мындан улам 2023-жылы бардык ак халатчандарга жоопкерчиликтүү мамиле менен жана коррупциясыз иш алып барууга талап коюудамын», - деди Г.Баатырова.
Министрдин орун басары Улан Садыковдун айтымында, облустук бириккен ооруканасынын төрөт үйүндө чарчап калган 6 ымыркайдын өлүмүнө негизги себеби — санитардык тазалык жетиштүү деңгээлде сакталган эмес. Мындан улам административдик чара көрүү чечими кабыл алынып, 6 жетекчи ээлеген кызматынан бошотулуп, айрым жетекчилерге сөгүш берилген.
Кызматынан бошогон жетекчилер:
1. Саламаттыкты сактоонун облустук координатору Кыдырбаева Мира Бекеновна;
2. Облустук бириккен ооруканасынын жетекчиси Сагынбаев Мирбек Өмүрбекович;
3. Облустук бириккен ооруканасынын алдындагы Төрөт үйүнүн жетекчиси Атагельлиева Ибарат Касеновна;
4. Облустук бириккен ооруканасынын алдындагы Төрөт үйүнүн төрөт бөлүмүнүн башчысы Алдашева Рыскан Көчөровна;
5. Облустук бириккен ооруканасынын Ресурстук борборунун жетекчиси Айткулиева Анара Турсуновна;
6. Ысык-Көл облустук ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Тайлакова Гүлүшкан Бейшеевна.
Ал эми төрөт бөлүмүндөгү айрым кызматкерлерге жана Ысык-Көл облустук милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси Т.Исаевге сөгүш берилген.
Мындан тышкары, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаевага сөгүш жарыяланган.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...