Turmush — Кыргызбаев Мурат Кыргызбаевич Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка аким Турусбек Ногоев 2023-жылы 8-февралда кол койгон.
Мурат Кыргызбаев 1973-жылы 16-апрелде Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында туулган. Буга чейин Салык кызматынын башкармалыгында ар кандай кызмат орундарда эмгектенген.
Савай айыл өкмөтүн буга чейин Абдусамат Абдуллаев жетектеп жаткан.
2023-жылдын 2-февралында жыл жыйынтыгы чыгарылган коллегияда Президенттик администрациясынын тапшырмасынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын 2022-жылга жасаган иштеринин отчетторунун жыйынтыгы менен президенттин жарлыктарын, Министрлер кабинетинин тескемелерин аткарылышын жетишээрлик деңгээлде көзөмөл жүргүзбөгөндүгү, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан коюлган тапшырмаларды толук кандуу аткарууга албагандыгы, жарандардын көп-арыз даттануулары болгондугу, жер маселесин чече албагандыгы үчүн Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы Жылдызбек Тиллебаков, Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы Бактыбек Жээнбеков, Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Абдусамат Абдуллаевдин кызмат ордун кароо акимдерге сунушталган.
Эмгек жолун окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Turmush в YouTube — подпишись!