Turmush — Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айылынын тургуну Ибрагим Каримжанов күнөсканада гүл өстүрүп, киреше табууда. Элет жериндеги багбан менен аймактык кабарчы таанышты.
Каарманыбыздын айтымында, ал гүлдүн уруктарын чет өлкөдөн алдырат.
«Өзүм кесибим боюнча мугалиммин. 1971-жылы Өзбекстан Республикасынын Наманган облусундагы педагогикалык институттун чет тилдер факултетине тапшырып, аны аяктагандан кийин өзүм туулуп-өскөн Арстанбап айылына келип, иштеп калдым. Айылдагы №34 Журий Исламов мектебинде англис тилчи мугалим болуп 42 жыл эмгектендим. Атам багбан болгондуктан корообуздагы 20 сотых жерде алма өстүрүп, андан пайда таап жүрдүм. Кийинчерээк дагы 50 сотых аянтка алма, алмурут жана гилас тигип, аны жергиликтүү базарга алып чыгып, үй-бүлөбүзгө кошумча киреше таба баштадым. Өткөн жылы бул бактан 15 тоннага чейин түшүм жыйнадым», - дейт ал.
Элеттик багбан англис жана немис тилдерин мыкты өздөштүргөн. Ал тоо боорундагы Арстанбапта конок үйүн куруп, чет элден келген конокторго кызмат көрсөтүп, өзү да гид болуп эмгектенет.
Ибрагим Каримжанов чет өлкөгө жумуш издеп кетип жаткан жаштарды өлкөдө эле чакан ишкердик кылып, өз өлкөсүндө иш алып барса дейт. Анын айтымында, бош калган жерлерди иштетип, киреше тапса болот.
Каарманыбыз ушул тапта 70 жашта. Ал 4 баланын атасы, 15 небере, 3 чөбөрөнүн чоң ата, тай атасы.
Макаланын уландысын окуу жана багбандын байланыш номурун алуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...