Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Талас облусу 28.02.2014 18:40

Таласта мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасы башталды

Turmush -  Таласта мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасы райондордон жеңген 265 окуучунун катышуусунда бүгүн, 28-февралда Шабданбек Жумагулов атындагы Манас интернат-лицейинде ачылыш аземи менен башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Талас билим берүү усулдук борборунун директору Табылды Тилекматов билдиргендей, олимпиаданын ачылышына Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Насипа Шопокова, КР өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Рыскелди Ботиков, Талас билим берүү усулдук борборунун директору Табылды Тилекматов катышты.

Аталган интернат-лицейдин спорт залында болгон ачылышта калыстар тобу, байкоочу кеңеш, уюштуруу тобуна милдеттер берилип, андан аркы иштин башталышы атайын бөлмөдө улантылды.

Белгилей кетсек, кечээ Билим берүү жана илим министрлигинен олимпиадага катышкан окуучуларга тапшырмалар алынып келинип, атайын сефке салынган. Алгач министрликтин өкүлү Насипа Шопокова олимпиаданын калыстар тобунун, байкоочу кеңешинин жана облустук жетекчилердин катышуусунда тапшырмаларды ачып, калыстардын төрага, төрайымдарына тапшырды. Бул да болсо олимпиаданын таза, ачык айкын өтүшүнө көрүлгөн камкордук, деп билдиришет катышуучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×