Turmush — Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчылыгына Руслан Есенгулов дайындалды. Жаңы дайындалган айыл өкмөт башчысын жергиликтүү кеңештин депутаттарына жана айыл аксакалдарына Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Калыбек Жумадылов тааныштырды.
Буга чейин Руслан Есенгулов Ысык-Кѳл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары болуп эмгектенип келген. Ал ээлеген кызматынан 2022-жылдын август айында бошотулган.
- Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесинин 5-пунктуна, 53-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик агенттиктин 2023-жылдын 3-февралындагы «Муниципалдык кадрлардын резервине талапкерлерди каттоо жөнүндө» №35 буйругунун негизинде Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына Руслан Есенгулов дайындалган.
Есенгулов Руслан Урустанбекович 1986-жылы 31-июлда Ысык-Көл районунун Тамчы айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 1 уул жана 3 кыздын атасы.
- 2004-2009-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде экономист кесиби боюнча билим алган.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...