Turmush — Кочкор районунун Ара-Көл айылынын тургуну Атабек Бейшебаев жогорку кандуу кыргыз күлүктөрүн таптап келе жатат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аны менен таанышып, ат таптоонун сырларын укту.
Атабек Бейшебаев 1980-жылы Кочкор районундагы Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Ара-Көл айылында туулган. 1997-жылы Туз айылындагы орто мектебин бүткөн. Ошондон бери мал жана дыйкан чарбачылык менен алектенип келе жатат. Жубайы Наргиза Акынбекова чарбалык иштерине кол кабыш кылат. Экөө бир кыз, үч уулдуу болушкан. Кызы 8-класста, бир уулу 7-класста окуйт. Андан кийинки уулу 2-класс, кенжеси 3 жашта.
Атабек бала кезинде ат чабыштарга барып, саяпкерлердин күлүктөрүн чаап жүрүп, саяпкерликке кызыгуусу арткан. Атасы Качыке Бейшебаев мектеп директору, Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан.
«Бала кезден чабарман болуп башкалардын атын чаап жүрдүм. Аталарыбыз деле бир аз кыргызча ат таптоо эрежелерин билчү. 1997-жылы орто мектепти аяктадым. Атам Качыке Бейшебаев ал кезде мектеп директору болуп иштечү. Керээли кечке мектепте жүргөндүктөн, чарбалык иштерге колу бошочу эмес. Эл катары шаарга барып окуп, андан кийин иштөөнү каалагам. Бирок агаларым келип, мал-жанга көз бол деп суранып, алып калышкан. Ошондон бери чарбачылык менен алектенип келе жатам.
1998-жылдан тартып өз алдымча ат таптоого өттүм. Жаман эмес, райондогу, облустагы ат чабыштарда байгелүү орундарга ээ болуп келе жатабыз. Республикалык деңгээлге чыгыш үчүн ат таптоого өзгөчө көңүл буруш керек. Ал үчүн чарбадан колум бошобой жүрөт. Эгер аттарга жакшы көңүл бөлсөм, республикалык ат чабыштарга деле катышып, байгелүү орундарга ээ болом деген ойдомун. Ал үчүн атты жыл бою үзбөй даярдашым керек болот. Азыр менде эки күлүк бар. Экөө тең жогорку кандуу күлүктөр.
Бири асый (5 жаштагы) болот, аламан чабышка салып жүрөм. Экинчиси эки жаштагы күлүк. Экөөнүн энеси бир, атасы бөлөк. Энеси атактуу күлүк "Боксёрдун" кызы, аталары болсо бириники "Райан", экинчисиники "Гамит" деген айгыр. Андан башка тайлар бар, аларды эмдиги жылдан баштап үйрөтүп, таптай баштайм.
Жылкынын ата-теги күлүк болуш керек экен. Ата-теги чуркап жүрсө, анын тукумунан жакшы күлүк чыгат. Биз тажрыйба кылып да көрдүк. Жөнөкөй айгыр салып көрдүк. Андан күлүк чыкпайт экен», - деди ал.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...