Turmush — Япония мамлекетинин Цукуба университетинин жана кыргыз-япон инсанды өнүктүрүү борборунун өкүлдөрү Ош технологиялык университетинде болуп, окуу жайдын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу университеттен билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө Япония өлкөсүнүн жогорку окуу жайлары менен билим берүү жана илим тармагында кеңири кызматташуу жөнүндө сөз болду. Мында билим берүүдө эл аралык деңгээлдеги иш-аракеттерге басым жасоо, эл аралык илимий долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, эки тараптуу академиялык мобилдүүлүктү күчөтүү жана башка маселелер талкууланды.
Кыргыз-япон борбору менен ОшТУнун ортосундагы түзүлгөн келишимдерге ылайык жүргүзүлүп жаткан иштер мындан ары дагы кеңейтилген масштабда улантылмакчы. Бул багытта ректор Жанболот Турсунбаев окуу жай менен Япония мамлекетинин жогорку окуу жайларынын ортосунда эл аралык билим берүү менен биргелешип кадр даярдоо маселелери коюлуп жаткандыгын билдирди. Азыркы күндөгү заман талабынын эң жогорку адистиктеринин бири болгон курулуш багытында адистерди даярдоо боюнча эки тараптуу келишимдер түзүлмөкчү.
2023-жылдын 8-февраль күнү Кыргызстандын түштүк аймагындагы жогорку окуу жайлары үчүн «Японияда окуу 2023» жармаңкеси өткөрүлмөкчү. Жармаңкеде Япония мамлекетине барып окууну каалагандар үчүн кеңири маалыматтар берилмекчи.
Кыргыз-Япон инсанды өнүктүрүү борборунун тең директору Иваи Ацуму, Япониянын Цукуба университетинин эл аралык бөлүмүнүн атайын дайындалган профессору Ито Хиронори, Цукуба университетинин эл аралык бөлүмүнүн кызматкери Яхиро Татьяна жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүшүп, бул иш-чаранын максаттарын белгилешти.