Turmush — Ош облусунун Ноокат районундагы Н.К.Крупская атындагы орто мектебинде «Улуттун уңгусу — улуу тил, ата-эне, китеп — улук бил» аттуу райондук семинар болуп өттү. Бул тууралуу Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Зайнабидин Мамасадыков билдирди.
Иш-чара президенттин 2021-жылдын 29-январындагы «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгынын алкагында уюштурулду. Семинарда 21-февраль — Эл аралык эне тил күнүнө карата көргөзмөлөр уюштурулуп, кыргыз тилчи жана адабиятчы мугалимдер тарабынан мастер-класстар өткөрүлдү.
Ал эми президенттин «Улуттук нарк» жөнүндөгү №157 жарлыгын ишке ашыруу максатында «Нарктуулук бала бакчадан, мектептен, жогорку окуу жайдан эмес , үй-бүлөдөн башталат» деген чакырыктын алдында ата-энелер мектеби демөөрчүлөр тарабынан уюштурулду.
Келечек үчүн билим берүү программасынын алкагында окуучулардын интелектуалдык билимин жогорулатуу, салттуу китепканадан электрондук китепканага өтүү, ааламдашуу, алдыңкы технологияларды колдонуу багытында окуу ресурстук борбору ачылды.
Иш-чараларга Баткен, Ош облустарынан акын-жазуучулар, мугалимдер, журналисттер, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Д.Жаныкулов, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси А. Арынов, Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Мырзабек Жусупов, жетектөөчү адиси Тажикан Тагаева катышып, жаңы ачылган борбордун, автордук каананын, ата-энелер бөлмөсүнүн иштерине ийгилик каалашты. Ошондой эле семинарга карата Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакуновдун куттуктоосу да берилди.