Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Нарын облусу 28.02.2014 10:30

Нарында компьютердик клубдардын башчыларына кечки саат 20:00дан кийин окуучуларды киргизбɵɵ талабы коюлмакчы

Turmush -  Нарын шаардык мэриясы тиешелүү мекемелер менен биргеликте, жаш ɵспүрүм балдар арасында кылмыштуулуктун, спирт ичимдиктерин ичүүсүн алдын алуу багытында, шаар ичиндеги соода түйүндɵрүнɵ, компьютердик клубдарга жана кафелерге рейд жүргүзүшүүдɵ.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, текшерилген соода түйүндɵрүндɵ жалпы спирт ичимдиктеринин, энергетикалык суусундуктардын жана тамеки, насвайлардын сатуу талаптарын так сактоо жана компьютердик клубдардын башчыларына кечки саат 20:00дан кийин окуучу жаш ɵспүрүм балдарды киргизбɵɵ талабы коюлмакчы.

Түзүлгɵн комиссия мындай рейддерге айына эки жолу, саат кечки 19:00-22:00гө чейин чыгып турушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×