Turmush — Ош технологиялык университетинин студенти бокс боюнча ачык чемпионатта жеңүүчү болду. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
2023-жылдын 27-29-январь күндөрү бокс боюнча 2005-2006-жылдары төрөлгөн жаштар арасында Ош шаарынын ачык чемпионаты өткөрүлүп, бул спорттук мелдеште 75 кг салмакта ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжинин студенти Бектемир Садырбеков 1-орунга ээ болду.
Спортчуну ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев жеке кабыл алып куттуктады, мындан ары окуу жайдын намысын коргоодо ийгиликтерди каалап, ар дайым окуу жай тарабынан колдоо көргөзүлөрүн билдирди.