Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусу 27.02.2014 12:54

Ысык-Көлдө студенттер чет мамлекетке барып окууга кеӊири мүмкүнчүлүк алышууда

Turmush -  Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенттери чет мамлекетке барып окууга кеӊири мүмкүнчүлүк алышууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

ЫМУнун окутуучуларынын айтымында, окуу жайдагы түзүлгөн илим жана эл аралык байланыш бөлүмүндөгү координациялык борбор мамлекеттик деңгээлдеги мааниде турат. Ушул күндөрдө ЫМУда студенттерди тейлөөнүөркүндөтүүгө арналган семинар республикалык масштабда өткөрүлүп өз максатына жетти.

«Эстония университетинен келген Таллин университетинин окутуучусунун катышуусунда өткөн семинарга республикабыздын бардык облустарынын жогорку окуу жайларынан келишкен. Алар бул семинардын уюштуруучуларынын аракетине баа беришип, иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилешти», - дешет алар.

Темпус долбоорунун алкагында окуу жайдын студенттери 2-3 жылдан бери чет мамлекеттерге барып билимин жогорулатып, учурдун талабына ылайык билимин өркүндөтүп келишүүдө. «Жакынкы мезгилдерде окутуучулардан , студенттерден түзүлгөн жумушчу топ чет өлкөдөгү 5 университетке барып тажрыйба алмашып, андагы студенттерди тейлөөдө кандай шарттар түзүлгөнүн иш жүзүндө көрүп келишкен. Мындай карым катнаш студенттер үчүн көп пайдасын берип жатат», - дейт университеттин окутуучулары.

Жогоруда сөз болгон Темпус долбоорунун алкагында окуу жайга 680 миӊ сомго компьютерлер жана окутууга керектүү жабдуулар алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×