Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 27.02.2014 12:36

Балыкчы шаарында илим, техника, өндүрүш жумалыгы өткөрүлүүдө

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мектептеринде илим, техника, өндүрүш жумалыгы өткөрүлүп, шаардагы билим борборлорунда мектеп окуучуларынын өз колдорунан жасалган техникалары, кыймылдоочу аппараттары, курулуш имараттары, жабдуулары көргөзмөгө коюлду.

Аймактык кабарчы билдиргендей, жыл сайын өткөрүлүүчү бул иш-чарага ойлоп табуучулук менен алектенген өнөрлүү окуучулар катышат. Мугалимдер «Келечектин техникасы» сынагында берилген бардык тапшырмалар боюнча конкурс өткөрүшүп, жеӊүүчүлөргө жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша сыйлыктарды беришмекчи.

Балдар өздөрү кагаздан, жыгачтан, темирден жасаган буюмдарын сынакка коюшууда. Окуучулардын илимге, ойлоп табуучулукка кызыгуусу артып баратканы байкалууда, дейт билим борборундагы сынактын уюштуруучулары.

Иш-чаранын жүрүшүндө сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, ал боюнча да жыйынттык чыгарылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×