Turmush — Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында 2022-жылы 7 мекеме, 2 көп кабаттуу үй жылуулукка кошулду. Ал эми жылуулук бүгүнкү күндө абоненттерге өз нормасында берилип жатат. Борборлоштурулган жылуулукка уланган мектептерде сабактар үзгүлтүккө учураган эмес. Калаадагы жылуулук системасы боюнча абалга аймактык кабарчы кызыгып көрдү.
«Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасынын карамагында борбордук 1 жылуулук ишканасы бар. Анда ВКГМ-4 үлгүсүндөгү кубаттуулугу 4 Гкал болгон 2 от казан иштейт. Жылуулук өндүрүмдүүлүгү 7500-7800 Гкалды түзөт. Жылуулук жеткирүү трассанын узундугу 14146,6 метрге жетет. Ишкана сууну калаадагы №27 булактан 11 чакырым аралыктан тартып келет. Шаарда борборлоштурулган жылуулукка кошулууну каалагандар арбып бара жатат. Мындан улам жаңы отказан салуу зарылдыгы жаралууда.
Аталган мекеменин жетекчиси Төлөнбек Бакировдун айтымында, жылуулукка кошулууну каалагандардын маселесин чечүү үчүн тиешелүү иштер жасалып жатат.
«Жыл өткөн сайын жылуулук түйүнүнө кошулуу үчүн кайрылган абонент көбөйгөндүгүнө байланыштуу «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги да отказан курууну колдоп жатат. Шаар мэри да бул иштин жүрүүсүнө кызыктар. Шаар бийлиги тарабынан жер ажыратып берүү жагы каралууда. Кочкор-Ата шаардык кеңештин депутаттары жер бөлүп берүү жагын карап беришсе, жумушту баштоого аракет жасайбыз.
Шаардагы айрым жергиликтүү ишкерлер да откана курулуусуна кызыктар болуп жатышат. Алар да колдоп бере турганын айтып жатышат. Эгер жер ажыратылып берилсе, ишкерлер откана куруп беришет, ал эми биз отказанды курабыз. Жылуулук түйүндөрүн тартуу сыяктуу да бир топ жумуштар жүрөт. Эгер бул кадам ишке ашса, жаңы абоненттерди кошууга жакшы мүмкүчүлүктөр жаралат. Откана көмүр менен иштөөгө ылайыкташат», - дейт ал.
Ишкананын мастери Бейшенбек Богоковдун айтымында, жылуулук абонеттерге өз нормасында берилип жатат.
«Сыртта суук бүгүнкү күндө -8 градус болуп жатат. Отказандан чыккан жылуулук 70 градус менен берилип, суунун кайтып келген температурасы 56 градусту түзүүдө. Бул бизге бекитилген нормага туура келет. Өткөн катуу суукта сууну 84 градуста жиберип жаттык, кайтып келүүсү 69-70 градус болуп жатты. Жылуулук жакшы берилбей жатканын айтып, нааразы болуп кайрылгандар болгон жок. Биз мына ушуга сүйүнүп жатабыз. Биздин мекеме башка мекемелерден айырмаланып, суудан көз карандылык жок. Тактап айтканда, шаардагы №27 булактан 11 чакырым аралыктан өзүнчө суу тартылып келинген. 4 күндүк суубуз бар. Этияттык үчүн 80 тонна суу дайым запаста турат. Биз суу нугун буруп келген булакты жайында эл пайдаланат», - дейт ал.
Кочкор-Ата шаарындагы Беки уулу Семетей атындагы №15 орто мектептин мугалимдеринин айтымында, мектепте жылуулуктун температурасы көбүнесе 20 градусту көрсөтүп турат. Башкача айтканда, мектептин жылуулугу жакшы.
«Быйылкы окуу жылында катуу суук мезгилинде республика боюнча мектептер жабылганда гана балдарга сабак болгон жок. Андан бери мектепте сабак үзгүлтүккө учураган жок. Акыркы 2-3 жылдан бери бизде жылуулуктан маселе болбой калган», - дешти алар.
Үйлөрү жылуулукка туташтырылган шаар тургундары башкысы жылуулук өз нормасында берилип жаткандыгын айтышты.
-
«Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасында 37 кызматкер эмгектенет. Акыркы 2 жылдан бери кызматкерлер үчүн атайын түштөнүү уюштурулган. Бир кызматкер айына 200 сом өлчөмүндө акча төлөйт, калганы мекеменин эсебинен каржыланат.
-
Ишканада жалпы 336 абонент бар. Борборлоштурулгун жылуулук түйүнүнө 10 көп кабаттуу, 6 жеке жер үй, 7 орто мектеп, 1 бала бакча, 3 оорукана, 3 жеке менчик, 4 мамлекеттик мекеме туташтырылган.