Turmush — Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Момбеков айыл аймагынын тургуну Кудрет Урбаев төө багып, сүтүнүн 1 литрин 800 сомдон сатып жатат. Элет жериндеги фермер менен аймактык кабарчы таанышты.
- Кудрет Урбаев учурда 40 жашта, ал 5 баланын атасы.
Өзүнүн айтымында, алгач 2 баш төө алып, андан кийин көбөйткөн. Учурда сарайында 10 төө бар.
«Мындан 6 жыл мурун, тактап айтканда 2017-жылы төөнүн сүтү дарылык үчүн керек болуп, Өзгөн районунан 2 баш төө сатып келгем. Алгач бул жандыктарды өзүмдүн үйүмдө багып, сүтүн саап, ичип жүрдүм. Кийинчерээк алар төлдөп көбөйгөндө сарай куруп, айыл четине көчүп келдик. Негизи төөлөрдүн мүнөзү оор келет экен. Анча-мынча кишини жактыра бербей, бир киши карап, багып жүрсө, ага гана үйрөнүп, бөлөк киши келсе, кадимкидей ачууланып кирет. Анан калса, бир кишинин жытына үйрөнүп, андан башкасына саадырышпайт. Азыр сарайда багылып жаткан төөнүн саны 10 башка жетти. Бир эркек, калганы ургачы төөлөр», - дейт Урбаев.
Фермер эки жыл мурун төөнүн санын көбөйтүү максатында Нарын облусунан атайын бир өркөчтүү нар төөлөрдү сатып алган. Анын баамында, төөлөр Ноокендин ысык климатында бир аз кыйналган.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу, фермерден байланыш номурун алуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...