Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусу, Талас 26.02.2014 18:31

Талас облусунда мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жарыяланган 3 айлыктын жыйынтыгы чыгарылды

Turmush -  Талас шаарында А.Огомбаев атындагы музыкалык мектептин чоң концерттик залында 2013- жылдын ноябрь айында өткөн облустук «Мамлекеттик тил өлкөбүздү башкарсын, Кыргызстанда кыргыз тили даңкталсын!» деген ураандын алдында жарыяланган мамлекеттик тилдин 3 айлыгынын жыйынтыгы чыгарылды.

Өкмөттүн Талас облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекеттик тилдин 3 айлыгынын алкагында «Мыкты мекеме – 2013» кароо сынагынын жеңүүчүсү Талас облустук суу чарба башкармалыгынын жамааты 1-даражадагы диплом жана 4 миң сом акчалай сыйлык, Талас облустук ардагерлер ооруканасынын эмгек жамааты 2-даражадагы диплом жана 3 миң сом акчалай сыйлыктарга татыктуу болушту.
Мамлекеттик тилдин 3 айлыгынын алкагында «Чоку болот тоолордун бийик жери, Чокудай бол кыргыздын жигиттери!» деген таймашта алдыга чыгышкан Талас шаардык күзөт бөлүмүнүн, облустук ички иштер башкармалыгынын жана облустук чек ара кызматынын жигиттери облустук өкүлчүлүктүн дипломдору жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты. Сыйлыктарды жана баалуу белектерди тапшырып жаткан өкмөт өкүлү Койсун Курманалиева мамлекеттик тилдин 3 айлыгына жигердүү катышкан Манас районунун, Талас шаарынын жана Талас районунун эмгек коллективдерине ыраазылык билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×