Turmush — Ош облусунун Ноокат районунда билим берүү мекемелеринин 2022-жыл ичинде аткарган ишмердүүлүгү боюнча рейтинги чыгарылды. Бул тууралуу Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Зайнабидин Мамасадыков билдирди.
Анын айтымында, билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгү 20 критерий менен бааланды. Ага ылайык, 15 мектеп эң жакшы деп табылып «жашыл» топко, 46 мектеп орто деп табылып «сары» топко, ал эми 23 мектеп усулдук колдоого муктаж болгон мектеп деп табылып «кызыл» топко киргизилди. Негизинен критерийлер ЖРТнын жыйынтыгы, «Алтын тамга» артыкчылык аттестаты, «алтын сертификат», предметтик олимпиада, түрдүү педагогикалык интеллектуалдык кароо-сынактар, балдардын чыгармачыл борбору менен бирге аткарылган класстан тышкаркы иштер, спорттук жетишкендиктер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, коомчулук менен бирге тартылган ички-сырткы инвсетициялар боюнча бааланды.
Райондогу алдыңкы билим берүү мекемелери деп табылган мектептер:
- Кеңеш-1 орто мектеби;
- К.Абдылакимов атындагы Көк-Бел орто мектеби;
- К.Бобулов атындагы Баргы орто мектеби;
- Тилебалды Айбашев атындагы орто мектеби;
- Г.Эргешов атындагы Бел-Өрүк орто мектеби;
- Тажибай атындагы жалпы орто билим берүү мектеби;
- Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектеби;
- Кожоке атындагы орто мектеби;
- Надежда Константиновна Крупская атындагы орто мектеби;
- Мирза Улугбек атындагы орто мектеби;
- Кожон Жолдошов, Режап Хужамов атындагы орто мектеби;
- «Арбын» орто мектеби;
- Ибрагим уулу Ысмайыл атындагы орто мектеби;
- Насирдин Исанов атындагы орто мектеби.
Ушундай эле критерийлер менен инновациялык билим берүү мекемелери дагы тандалып, анын жыйынтыгында «Ноокат билимканасы» жатак-лицейи менен А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясы эң алдыңкы билим берүү мекемелери деп тандалды.
«Алдыңкы мектептерге усулдук чыгармачыл эркиндик берилип, ал эми «кызыл» топтогу мектептер менен өзгөчө тыгыз байланышта түрдүү усулдук окуулар уюштуруп, усулдук жардамдар берилет. Билим берүү мекемелериндеги рейтинг — бул билим берүү багытындагы атаандаштыкты жаратуу», - деди Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бакыт Козуев.